Жогорку Кеңештин жогорку кызматтагы кызматкери инспекторду сабады (Видео)

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет бөлүмүнүн башчысынын орун басары, генерал-майор Замир Молдошевдин уулу Эрнест Молдошев мас абалында инспекторду сабады. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазып, окуянын видеосун жарыялады.

Окуя 24нөн 25не караган түнү болгон. Анда аткаминер мас абалында каршы тилкеге чыгып, унаасын жогорку ылдамдыкта башкарып бараткан. Тартип бузган айдоочуну Абдрахманов көчөсүнөн токтотууга мүмкүн болгон.

Алгач милиция кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, кызматтык абалынан пайдаланып, аны кое берүүсүн буюрган. Андан соң инспекторду сабап, тепкилеп кирген.

Учурда сабалган инспектор ооруканада даарыланууда. Ал эми тартип бузган мамкызматкер Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киризилип, кайра 26-мартта Свердлов райондук сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылды.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика