100 сааттан ашты. Дөөлөт Сыдыков Москвада манас айтууну улантууда

Бүгүн, 5-сентябрда манасчы Дөөлөт Сыдыковдун манас айтып жатканына 100 сааттан ашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ырыс Окенова билдирди.

Бүгүн, 5-сентябрда Москва шаарынын убактысы боюнча саат 15:00дө манасчы Дөөлөт Сыдыковдун манас айтып жатканына 100 сааттан ашты. Манасчы ушул күндөр аралыгында 120 саат манас айтууну максат кылган. Москва шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинде өтүп жаткан 5 күн, 5 түн манас айтуу иш-чарасы 6-сентябрда болжол менен саат 12:00дө элчиликте салтанаттуу түрдө жыйынтыкталат”, – деп билдирди Ырыс Окенова.

error: Content is protected !!