Өзбекстанда коронавирус жуктурган 72 жаштагы бейтап инфаркттан каза болду

Өзбекстанда коронавирус менен ооруган бейтап инфаркт миокардасынан көз жумду. Бул тууралуу республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

26-мартта Наманган районунун 72 жаштагы жашоочусу жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус диагнозу менен жеткирилген. Ошол эле күнү саат 23:00 чамасында атайын лабораториялык анализдин жыйынтыгында ал бейтаптан коронавирус инфекциясы аныкталган.

Ал бейтап коронавирусту 12-мартта Түркиядан кайтып барган кызынан жуктурган. Ал кызы карантинге алынган. Маркум көп жылдан бери диабет жана жүрөк оорусунан жабыркап келген.

WhatsApp кабарлар whatsapp
error: Content is protected !!
Яндекс.Метрика