Өкмөттө мектеп жана бала бакча маселеси каралды


Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мектептерди жана бала бакчаларды кайра ачуу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Дүйнөлүк саламаттык уюмунун, ЮНИСЕФтин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун өкүлү эгер мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана тургундар санитардык-эпидемиологиялык чараларды тийиштүү деңгээлде камсыз кыла алса мектептерди жабык кармоонун кажети жок экенин айтты.

Вице-премьер-министр Исмаилова мектептерди жана бала бакчаларды ачуу маселеси ар бир аймактагы абалга жараша чечилерин айтты. Ар бир калктуу пункттагы абал боюнча анализ жүргүзүлүп, эгер ошол жердеги мектеп же бала бакча ачыла турган болсо коронавируска каршы тийиштүү чаралар көрүлүшү зарылдыгын жана түрдүү эпидемиологиялык сценарийге даярдык болушу керектигин белгиледи.

Аида Исмаилова өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнөн тез арада аймактардагы эпидемиологиялык абал боюнча анализ жана эпидемияга каршы чаралардын камсыздалышы тууралуу мониторинг жүргүзүп, жообун айтуу тууралуу тапшырма берди.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясына байланыштуу мамлекеттик мектептер жана бала бакчалар жабылган бойдон толук ачыла элек. Окуу процесси аралыктан жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата бул оору дээрлик 57 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 1136сы каза болду. (RK)