Өкмөт башчы Марипов ишкерлер менен тыгыз кызматташууга убада берди

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов 21-февралда өлкөдөгү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен баарлашып, алар менен тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты.

Жолугушуунун негизги максаты – экономиканы жандандырууда демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болду. Жекшембидеги жолугушуу эркин микрофон форматында өттү. Анда ишкерлер идеяларын жана көйгөйлөрүн ортого салууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

error: Content is protected !!